Борбор калаада Эгемендүүлүк күнүнө карата веложүрүш өтөт

2022-жылдын 28-августунда КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Президентинин Администрациясынын колдоосунда, Бишкек шаарынын мэриясынын, "Вело friends позитив kg" коомдук бирикмесинин жана "Алтын дөңгөлөк" велоклубунун, БУУӨП, ЮНИСЕФ, АУЖКБ, "Тынчтык жана өнүгүү институту" коомдук бирикмеси, ошондой эле "Шоро" компаниясы менен шериктештикте #КыргызЖараны концепциясын ишке ашыруунун алкагында "Ден соолук менден башталат!" ураандын астында ВЕЛО жүрүш иш-чарасын өткөрөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка караганда, вело жүрүш КР Эгемендүүлүк күнүнө арналып, элдин биримдигин бекемдөөгө, толеранттуулукту жогорулатууга, көп түрдүүлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө максатталган.

Катышуу 18 жаштан жогору.

Жолугушуу пункту - 09:00 Д. Асанов атындагы Жеңиш паркы.

09:00 – 09:30 Веложүрүшкө катышуучуларды даярдоо жана маалымат берүү.

09:45 Веложүрүштүн катышуучуларын тизүү.

10:00 – Веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат.

10:30-10:45 Финишке келүү (Т. Усубалиев аянты/эски аянт).

11:00 – 12:30 Салтанаттуу жана көңүл ачуучу бөлүктөр. Иш-чараны жыйынтыктоо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД