Борбор калаада кайгуул милициясы коомдук транспортторду текшерүүдө

Кайгуул кызматкерлери тарабынан коомдук транспорттор текшерилип, 33 000 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган маршурттук унааларды текшерүүгө алып, алардын техникалык абалын эртеменен каттамга чыгаарды наркологиялык бөлүмдөн жана техникалык кароодон өткөндүгүн текшерүүгө алып, төмөнкү укук бузууларды:

№146-маршурттук унаанын механигине маршурттук унааны каттамга чыгаруу учурунда техникалык кароодон өткөрбөгөндүгү үчүн 28 000 сом;

№138-маршурттук унаага техникалык бузуулары үчүн, 3000 сом, ошондой эле жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпысынан 33 000 сом айып салып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД