
Кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, каршылык көрсөткөн айдоочуга 7500 сом айып салынып, өзү милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, Кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуулда жүргөн учурда болжол менен саат 13:30 чамасында Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган Мерселес-Бенц үлгүсүндөгү авто унааны токтотушкан.
Бирок айдочу кызматкерлерге баш ийбей качкандыктан артынан кууп, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен кысып токтотушкан. Ошол учурда да унаанын 1994-жылы туулган Г.Н. аттуу айдоочусу кызматкерлерге карата каршылык көрсөтүп бир-эки жолу тээп да салган.
Бирок жыйынтыгында айдоочуга карата баш ийбегендиги, жана качуу учурунда жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 3 протокол толтурулуп, жалпысынан7500 сом айып салынган.
Ал эми кызматкерлерге карата каршылык көрсөткөндүгү үчүн, тийиштүү чара көрүү үчүн, Биринчи май райондук ИИБне жеткирилген.