Борбор калаада мыйзамсыз курулуштар алынууда

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар алынууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын прокуратурасынын сунушу менен Чүй проспектисинин боюндагы №146 үйдүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Киев көчөсүнөн кире бериштен "Бета Сторес" соода борборунун администрациясы тарабынан орнотулган тосмолор демонтаждалды.

Ошондой эле түшүндүрүү иштеринен кийин Ак-Өргө конушунун Өмүракунов көчөсүн бойлой 4 даана 40 тонналык контейнерден турган тиешелүү документтери жок 2 кабаттуу объект өз ыктыяры менен демонтаждалган.

Учурда 12-кичирайондун Токомбаев көчөсүндөгү уруксаты жок темир тосмолорду демонтаждоо иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД