Ошто компьютердик тестирлөөдөн директорлукка талапкерлердин 31инин 14ү өттү

Ош мамлекеттик университетинде 23-августта шаардын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министирлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министирликтин маалыматына ылайык, конкурска 72 адам документ жиберип, андан 31 талапкер документтердин толук эмес пакетин тапшырган. Мындан сырткары 3 адам сынактын экинчи этабына келген эмес.

Компьютердик тестирлөөгө 31 талапкер катышып, жыйынтыгында 14 талапкер босого баллдан жогору упай топтоду.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД