Орус драма театрынын директору болуп Сергей Бардаков дайындалды

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрынын директору болуп Бардаков Сергей Владимирович дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият министри кол койгон.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тааныштырып, алдыда жасала турган бир катар иштерди белгилеп өттү. Анын катарында аталган театрдын ремонт иштери приоритеттүү экендигин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД