
Ушул жылдын январь-июнь айларында экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйүү менен, 46,1 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунда Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 556 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы болуп, жалпы 594 уюм ишин жүргүздү.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь-июнь айларында экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйүү менен, 46,1 миллиард сомду түздү.
Финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 27,7 миллиард сомду түзүп, 37%га өстү.
Ал эми ишканалардын 66%ы пайда алып, 13,5%ы чыгашага туш болду. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 18,4 миллиард сом пайда суммасында түзүлдү, бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1,8 эсеге (8,2 миллиард сом) көп.
Үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 217 миллиарддан ашык сомду түзүп, банктык секторуна кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86%, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарынын секторуна 14% туура келди.