Бишкекте мектеп директорлорун тандоо боюнча конкурс 30-августта өтөт

Бишкек шаарында мектеп директорлугуна сынак 30-августта өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча жалпы 62 бош орун бар.

Талапкерлердин документтерин кабыл алуу 26-августта, жумуш убактысы бүтөрү менен аяктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД