Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата кандай иш-чаралар өтөт? Программасы

Бишкек мэриясы Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого арналган иш-чаралардын тизмесин жарыялады.

Башкы концерт 31-августта саат 19:30да "Ала-Тоо" аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен өтөрү айтылды.

Күндүз "Ден соолук" сейил багында саат 16:00-19:00дө райондун балдары үчүн спорттун беш түрү (волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол эстафетасы, аркан тартыш) боюнча спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Ошондой эле "Ден соолук" сейил багында 16:30да экстремалдык спортчу Алексей Тепляшиндин үч автобусту өз күчү менен сүйрөп рекорд көрсөтүүсү пландалууда.

Биринчи май району:

26-августта саат 20:00дөн 23:00гө чейин Улуттук тарых музейинин алдында "Кыргыз модасына таазим. Байыртадан бүгүнкүгө чейин" иш-чарасы болот;

27-августта саат 12:00дө Мурас-Ордо жаңы конушунда активисттердин жана фольклордук ансамблдердин катышуусунда "Ыр кесе" ыр сынагы өтөт.

Октябрь району:

31-августта саат 18:00-21:00гө чейин "Ынтымак-2" сейил багында Street Food фестивалы уюштурулат. Иш-чара ар кандай кулинардык турнирлер жана оюндарды камтыйт.

Свердлов району:

30-августта саат 10:00дө "Кара жыгач" сейил багында райондун жашоочулары үчүн концерттик программа менен коштолгон иш-чара өтөт;

30-августта саат 11:00дө №11 орто мектептин аянтында шаардыктар жана МАБдын активисттери үчүн спорттук оюндар болот;

31-август күнү саат 11:00дө №52 орто мектептин спорт аянтчасында спорттук оюндар өтөт;

31-августта саат 11:00дө Эне-Сай конушунда концерттик программа жана спорттук мелдештер уюштурулат.

Ленин району:

31-августта саат 10:00дө Ак-Өргө конушунда, Жолон/Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде майрамды утурлай балдар спорт аянтчасын ачуу пландалууда. Иш-чара концерттик программа менен коштолот;

31-август саат 14:00 Ала-Арча конушунда, Сыдыгалы/Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде дагы шаардыктарга майрамдык иш-чара пландалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД