ЖАКнын төрагасын Каракол шаарындагы СИЗОнун абалын текшерди

ЖАКнын төрагасын Каракол шаарындагы СИЗОнун абалы менен таанышты. Бул тууралуу ЖАКнны басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына иш сапары менен барып, шаардагы №23 - мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Башкармалыктын төрагасы имараттардын, иш бөлмөлөрүнүн абалы, соттолгондорду кармоо шарттары менен таанышты, ошондой эле мекеменин администрациясы жана кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан жалпы жаза аткаруу ишмердүүлүгүн текшерди.

Мындан тышкары, Аскат Раимжанович кызматкерлер менен жолугушууда жаза аткаруу тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар, ар кандай иш-чаралар тууралуу айтып, жакынкы аралыкта ишке ашырыла турган бир катар иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы шаарлардын борборунда жайгашкан түзөтүү мекемелерин калктуу конуштардын четине чыгаруу пландары турганын айтты.

Ошондой эле жыйындын бардык катышуучуларына кызматтык милдеттерин так аткаруунун, жумуш учурунда да, жумуштан тышкаркы убакта да кесиптик этиканы жана тартипти сактоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүп, мамлекет жана коом талап кылган коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө каршы активдүү күрөшүүгө чакырды.

Жыйындын соңунда генерал-майор кызматкерлерге кесиптик ийгиликтерди жана чың ден соолук каалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД