Баткенде жолдун жээгине унаа токтотуп, соода кылгандарга эскертүү берилди

Баткенде жүк ташуучу унааларын жолдун жээгине токтотуп, соода-сатык иштери менен алектенген жарандарга эскертүү берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен шаарында милициянын көчмө кабылдамасы менен милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, балдар менен иштөө инспекторлору 2022-жылдын 24-июль күнү базар аймагындагы жолдордун четинде жүк ташуучу ууналарын токтотуп, соода-сатык кылып турган жарандарга ар кандай кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузбоолору эскертилип, жол четинде туруп соода-сатык иштерин кылганга мүмкүн эместигин бир иреттен эскертүү беришип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп өтүштү.

Баткен шаарында милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде үзгүлтүксүз иш алып барып, шаар тургундарына сервистик тейлөөлөрдү убагында жүргүзүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД