
26-августта биринчи жолу телевидениеде Бишкек шаарынын №1 СИЗОнун, №2 аялдар абагынын жана №50 мекеменин кызматкерлеринин ортосундагы мелдеш көрсөтүлөт. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мекемелердин кызматкерлери элдик сармерден оюнуна катышып, эркектер жана аялдар командалары күч сынашты.
Улуттук телерадиокорпорациянын студиясында кыргыздын каада-салттарын, ырым-жырымдарын мыкты билген чыгармачылык сынагынын таймашы болуп өттү.
Сармерденге №21 (Бишкек), 2 (Степное айылы) жана 50 (Нижний Норус айылы) мекемелеринин жаш таланттары катышты.
Майрамдык, ошону менен бирге тарбиялык иш-чара Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык иштер башкармалыгынын башчысы, и/к полковниги Нурдин Бердикожоевдин жана жогоруда аталган мекемелеринин жетекчилигинин демилгеси менен уюштурулду.
Мурда Сармерден түзөтүү мекемелери жайгашкан жайларында өткөрүлсө, эми бул маданий-гуманитардык акция чыныгы республикалык масштабга ээ болуп, көрүүчүлөрдүн кеңири катмарына тартууланууга ээ болду, анткени оюн Кыргызстандын бардык көрүүчүлөрүнө көрсөтүлөт.
Эркектер жана кыз-келиндер командаларынын оюну "Манас" эпосунан үзүндү аткаруу жана "Бешикке бөлөө" салтын көрсөтүү менен башталды. Катышуучулар ыр ырдап, бийлешип, улуттук аспаптарда ойноп, табышмактарды табышып, накыл сөздөр, акыл насааттары менен көрүүчүлөрдү кубандырышты.
Калыстар тобуна белгилүү этнограф жана санжырачы Курманалиев Тургунбай, КР эл артисти, композитор жана аткаруучу Каныкей Эралиева, ЖАКнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Нишанбаев Алибай кирди.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча жюри командалар тең чыкты деп чечишти: чындыгында достук жеңди!
Полковник Н.Бердикожоев белгилегендей, "Сармерден бул жөн гана оюн-зоок эле эмес, бул биздин ата-бабаларыбыздан калган каада салтыбыз, ЖАКнын кызматкерлери аны ыйык тутуп, өнүктүрүшөт".