StartUp2top мыкты бизнес-долбоорлор сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

Кечээ, 24-августта Кыргызстандагы эң мыкты идеяларга жана бизнес-чечимдер үчүн жарыяланган StartUp2top сынагынын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу аталган сынактын уюштуруучусу Нурсултан Медеткулов билдирди.

Анын айтымында, сынактын финалдык бөлүгү борбор калаадагы "Хаят" мейманканасында өткөн. Жыйынтыгында, тамак-аш калдыктарынан биогумус, балыктарга жем жасай турган инновациялык долбоор жеңүүчү аталган.

"Негизи бизнес-долбоорлордун баары аябай мыкты экен. Баарынын коммерциялык потенциалы бар. Өлкөбүздө жаратман жаштар көп экендигине мен дагы бир жолу күбө болдум. Жеңүүчүнү тандоо оор болду, бирок, алардын арасынан коммерциялык да, экологиялык да жактан пайда алып келген, инновациялык жактан өзгөчөлөнгөн долбоорду тандадык", - дейт Нурсултан Медеткулов.

Белгилей кетсек, өлкөнүн ишкердигин өнүктүрүү максатында Кыргызстандагы эң мыкты идеяларга жана бизнес-чечимдерге StartUp2top аталган сынак өткөрүлгөн. Жеңүүчүгө 200 миң сом байге жана инвестиция же өнөктөш тартуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Сынактын жюрилеринин курамы Эмил Уметалиев, Убай Маткасымов сыяктуу белгилүү ишкерлерден турду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД