ЕАЭБ: Бүгүн өкмөт башчылардын жыйыны кең курамда уланат

Бүгүн, 26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кеңейтилген курамда уланат.

Бүгүнкү жыйындын күн тартибинде бир нече маселе турат:

- ЕАЭБдин газ рыногун түзүү тууралуу эл аралык келишимдин даярдыгы,

- жеке адамдар жүргүзгөн электрондук соодада кыйыр салыктарды алуу келишимине өзгөртүүлөдү киргизүү,

- транспорт чөйрөсүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлору,

- өз ара соода жүргүзүүдө эсептешүүнү улуттук валюта менен жүргүзүүнү кеңири жайылтуу иштери,

- ЕАЭБ алкагында алкоголь рыногун жөнгө салуу тууралуу макулдашуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер ж.б.

Эскерте кетсек, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кечээ, 25-августта башталган. Анда жолугушуу тар курамда өткөн. Кеңешмеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустуку Роман Головченко, Казакстандыкы Алихан Смаилов, Россияныкы Михаил Мишустин, ошондой эле мейман катары Азербайжандын өкмөт башчысы Али Асадов катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД