Таласта жүк ташуучу унаа өрттөнүп, үч адам жеңил жаракат алды

Таласта оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп, үч адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылында оор жүк ташуучу унаанын 10 дөңгөлөгү жана кабинасы күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган М.Р, 1988-жылы туулган У.М, 1990-жылы туулган Т.Д. аттуу жарандар жеңил жаракат алышып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД