
25-августта УКМКнын Баткен областык башкармалыгы тарабынан Кызыл-Кыя шаарындагы жихадчылар жамаатынын 3 мүчөсү кармалган. Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Кармалгандар:
- "Г.у.К", 1993-жылы туулган, "Абу Нур" каймана аты бар, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси боюнча соттолгон, жааматтын башчысы;
- "П.А.И.", 1981-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда кылмыш-жаза кодексинин 229-2 1-бөлүгү менен соттолгон, жамааттын руханий насаатчысы болуп саналат, маалыматтар боюнча С.Бурятскийдин террористтик аудио-видео материалдарын таратат ("Кавказ Эмираты" ЭТУнун мүчөсү);
- "К.Д.Р.",1992-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарында туулган, мурда "Дженго" каймана аты бар К.Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон, жамааттын мүчөлөрүнүн күжүрмөн жана дене тарбия даярдыгы үчүн жооптуу.
Кармалгандарга кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Маалыматта айтылгандай, "Абу Нура" кылмыштуу тобу Сириядагы ЭТУнун шериктерине/согушкерлерине материалдык жардам көрсөтүү максатында бир нече жылдын ичинде бир катар каракчылык чабуулдарды жасаган.
Жашаган жерлеринен тинтүү иштеринин натыйжасында РГД-5 системасынын 3 гранатасы, 7,62 мм калибрдеги - 49 даана, 5,45 мм. - 5 даана. жана 9мм. - 3 даана ок-дарылар, 3 бычак (муздак курал), ошондой эле көп сандагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттары жана диний адабияттар алынган. Баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен алынган ок-дарылар согуштук деп табылган.
Кармалгандардын бири Баткен облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын эки шериги боюнча теологиялык экспертизанын корутундусу чыгарылып, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жаткандыгы маалымдалды.