
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын 4, 5 жана 7 жаштардагы үч тургуну үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча 26-августтан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 4 жаштагы А.Б., 5 жаштагы Ш.А. жана 7 жаштагы Ш.А. аттуу жаш балдарды издөө издөө иштерине Каракол шаарынан 4 куткаруучу тартылган. Түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 27-августта, издөө иштерине дагы төрт куткаруучу тартылган.