Аламүдүндө балыкка кетип дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды

Аламүдүн районунда балык уулоого чыгып, ошол бойдон үйүнө кайтып келбеген жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-август күнү "112" кызматына 1971-жылы туулган У.И. аттуу эркек киши Ала-Арча суу сактагычына балык уулоого чыгып, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө 24-августтан тарта ӨКМдин Аламүдүн райондук жана Бишкек шаардык куткаруучулары тартылып, издөө ишин жүргүзүп келишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД