
"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинг компаниясы менен кытайлык СНМС улуттук компаниясы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу холдингдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 24-августунда кытайлык СНМС оор машина куруу улуттук компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
"Тараптар тоо-кен казуу, гидроэнергетика жана логистика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү макулдашты", - деп айтылат билдирүүдө.