Бишкек - Балыкчы жүргүнчү поезди сентябрда токтойт

Бишкек - Балыкчы жүргүнчү поезди сентябрда токтойт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-2 – Балыкчы багытындагы № 608/609 республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин каттамы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан баштап токтойт.

Ишканадан белгилешкендей, Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тагыраак айтканда, каттам июнь айынан 31-августка чейин иштейт.

Аталган каттам 2023-жылдын жай мезгилинде кайрадан жанданат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД