Чүйдө 2 тергөөчү 200 миң сом пара талап кылган деп кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 26-августта Москва районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын кызматкерлери, милициянын капитаны Э.А.К. жана милициянын лейтенанты А.А.К. кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган милиция кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен К.И.К. аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын токтотуу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары алууга аракет кылышкан.

Натыйжада К.И.К. Москва РИИБ кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган.

Бул иш 17-августта УКМК кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган.

Бул факты боюнча 2022-жылдын 26-августунда КР ИИМдин ички кызматы менен бирге жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, кызматтык бөлмөсүнөн белгиленген сумманын бир бөлүгүн, 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда Москва районунун ИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү Э.А.К. жана А.А.К. кармалды.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД