
Эми Тажикстанга келүүдө ПЧР-тесттин жыйынтыгын же COVID-19га каршы эмдөө сертификатын көрсөтүү керек, деп билдирет Тажикстандын "Ховар" Улуттук маалымат агенттиги.
Бул чаралар COVID-19 инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн эпидемияга каршы чараларды күчөтүү боюнча республикалык штаб тарабынан коронавирустун башка өлкөлөрдө көбөйүшүнө байланыштуу киргизилген.
Агенттик эскерткендей, июлдун башында республиканын чек арасында келгендердин бардыгынын дене табын текшерүү башталган. Кимде жогору болсо, ПЧР-тест жасоону өтүнүшкөн.
Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча 2022-жылдын февралынан бери өлкөдө COVID-19 бир дагы учуру катталган эмес. Ошол эле учурда жергиликтүү жашоочулардын 90% инфекцияга каршы эмдөөдөн өтүшкөн.