Аскер институтунун курсанттары кабылган жол кырсык боюнча иш козголду

Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун курсанттарынын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда ички иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 27-августта Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институтунун курсанттары "Ата-Бейит" аймагында аскердик ант бергенден кийин унаа жол кырсыгына кабылган. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 9 адам ар кандай жаракаттар менен Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине жаткырылды, калгандары аскер госпиталында аскер дарыгерлеринин көзөмөлүндө.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, аскер кызматкерлеринин абалы канааттандырарлык, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Аскердик ант берүү аземи "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында курсанттардын жакындары менен жогорку уюшкандыкта өткөрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД