Таластын борбордук аянтында милиционерлер арасында саптык кароо өткөрүлдү

Талас шаарынын борбордук аянтында саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында саптык кароо өткөрүлдү. Саптык кароого Бакай-Ата РИИБ, Талас РИИБ, Талас ШИИБ, Талас шаардык күзөт кызматынын кызматкерлери кызматтык авто унаалары менен саптык кароодон өтүштү. Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис тарабынан кызматкерлердин жумушка даярдыктары, сырткы көрүнүшү, атайын формалары жана өздөрүнө тийиштүү буйруктарынын билиши боюнча кароо жүргүзүлдү. Иш чаранын башында Асанов Марлис бир катар талаптарды айтып, тапшырмаларды койду. Анда жакында келе жаткан Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата милиция кызматкерлеринин аткара турган иштери менен тааныштырды.

Андан тышкары жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо багытында көптөгөн алгылыктуу иштерди аткаруу керектигин, ага шарт түзүп жаткан жагдайлар менен күрөшүү зарылдыгын айтты. Өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон кырсыктарга бөгөт коюучу чаралар көрүлүшү керектиги айтылды. Кызматкерлер тарабынан жарандарга жана айдоочуларга эң жогорку деңгээлдеги сылык мамиле кылуу жана аларга түшүндүрүү иштери сапаттуу болуусуна көңүл бурулуусу зарыл экендигин белгиледи. Жалпы кызматкерлерге кылмыштардын алдын алуу максатында тынымсыз иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилип, кызматтык унаалар каралып, кемчиликтерди жоюу боюнча талаптар коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД