COVID-19: Өткөн жумада 179 адамдан вирус аныкталды

Кыргызстанда бир жумада, 22-28-августта, Covid-19дун жаңы 179 учуру катталган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, катталган учурлардын ичинен 26 бейтап ооруканага жаткырылган, 153 адам амбулатордук дарыланууда.

Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.

2022-жылдын 8 ай 28 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 20 968 учуру катталган, анын ичинде 18967 (90,5 учур лабораториялык түрдө жана 2001и (9,6%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД