Пробация департаменти. Бул кандай кызмат жана эмне иш аткарат?

2019-жылдын 1-сентябрынан тартып Пробация департаменти Юстиция министрлигинин курамына кирген. Бул кандай түзүм жана Пробация департаментиндеги кызматкерлер эмне иш алып барышат экенин бүгүн сиздерге кыскача тааныштырууну чечтик.

Пробация департаменти Бишкек шаарындагы Борбордук аппараттан, үч региондор аралык башкармалыктан жана 50 аймактык органдан турат. Штаты 258 бирдикти түзөт.

Пробация деген эмне? Бул Кыргыз Республикасындагы сот тутумун реформалоонун алкагында иштелип чыккан чаралардын комплекси жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан пробациянын кардарларын коомдон обочолонтуусуз түзөтүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган социалдык-укуктук чаралардын кеңири комплексин камтыйт жана алардын коомдогу жашоого ыңгайлашуусу, ошондой эле укук бузуулардын кайталануусуна жол бербөө.

Милдеттерге жана аны колдонуу стадиясына жараша төмөндөгүчө:

1) сотко чейинки пробация;

2) аткаруучу пробация;

3) пенитенциардык пробация;

4) пенитенциардан кийинки пробация.

Өспүрүмдөргө карата ювеналдык пробация (лат. juvenalis "жаштык") колдонулат, балдар жана өспүрүмдөр менен байланышкан, аларга каршы кылмыш жасаган же алар өздөрү жасаган учурда.

Кыргыз Республикасынын "Пробация жөнүндө" Мыйзамынын тиешелүү жоболоруна ылайык, соттун өкүмү менен коомдон ажыратылбастан жана жазык-укуктук мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулбастан соттолгон адамдар, ошондой эле кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга катышкан адамдар кардар болгон коомдук кызматтын формасы.

Эгерде сөз өспүрүмдөргө тиешелүү болсо, анда эскертүү менен тарбиялоочу мажбурлоо чаралары жана жүрүм-турумуна чектөөлөр коюлган балдар жана кыздар кардарлар болуп калышат.

Ошондой эле, пробация кардарлары болуп төмөнкүлөр саналат:

- ага карата сыноо протоколу түзүлүп жаткан айыпкер;

- жазык жазасынын ордуна пробациялык көзөмөл колдонулган соттолгондор;

- жаш балдары бар адамдарга жаза өтөө мөөнөтүн кийинкиге калтырууну колдонуу;

- шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулгандар жана жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин түзөтүү мекемелеринен бошотулууга тийиш болгон соттолгондор, башкача айтканда, мөөнөтүн өтөп бүткөн жана кадимки жашоого адаптациялоодо жардамга муктаж болгондор.

Элеонора Шаршеналиева


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД