Бишкектен Исламабад шаарына туруктуу авиакаттам ачылды

2022-жылдын 27-августунан тарта Бишкек-Исламабад-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Каттамды жумасына бир жолу – ишемби күндөрү – ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы аткарат.

Белгилей кетсек, аталган багыт боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД