Таласта милиция ардагерлеринин арасында бильярд боюнча турнир өттү

Талас шаарында облус боюнча ар бир райондук ИИОнун ардагерлери арасында бильярд оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы 8 курама команда болуп, оюн кызуу өттү.

Бул саамалык ардагерлер арасында салтка айланып, жылда өткөрүлөт.

Талас ОИИБдин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Тулобеков Алмаз бул оюндун ачылышына катышып, оюнчуларга ийгилик каалап. Ардагерлер дайыма бизге күч кубат берип, үлгү болуп кетээрин белгиледи. Алардын жолун улай милиция кызматкерлери ушундай бекем ынтымакта жана биримдикте көп ийгиликтерге жетишээрин айтты. Белгилей кетсек, бильярд оюну гана эмес, спорттун башка көп түрлөрү менен машыгып, сейрек жашоосу менен ардагерлер дайыма коомго үлгү көрсөтүп келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД