
Бишкектеги №47 түзөтүү мекемесинин ардагерлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, борбор калаадагы чайкананын биринде №47 түзөтүү мекемесинин карыларын сыйлоо аземи болуп өттү.
Эске салсак, учурда бул атайын мекеменин инфраструктурасы Бишкектин сыртына көчүрүлүүдө.
Республикабыздын Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнү жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн утурлай ардагерлер Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев, ардагерлер кеңешинин төрагасы, отставкадагы полковник Алибай Нишанбаев жана анын орун басары, отставкадагы полковник Тургунбек Токтосуновдор келип куттукташты.
Жаза-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде көп жылдар бою үзүрлүү кызмат өтөп, Кыргызстандын пенитенциардык тутумунун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ардагерлер ЖАКнын Ардак грамоталары, "Ардагер", "Кадыр", "Мыкты Айым" медалдары менен сыйланган.
Майрамдык иш-чара салтка айлангандай салтанаттуу дасторкон үстүндө уланды.