
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк майрамдоого жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата Чуңкурчак жайлоосунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт
ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын 31-августунда Чүй облусунун Чуңкурчак жайлоосунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлөт.
Аталган иш-чараны өткөрүү учурунда жол коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.
Бул иш-чарага жалпысынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын патрулдук унааларда 200дөн ашык кызматкерлери тартылат.
Ыңгайлуулукту түзүү жана унааларды туш келди токтотууларга жол бербөө үчүн 11 унаа токтотуучу жай каралды, ошондой эле эвакуаторлор да колдонулат. Элди унаа токтотуучу жайдан маареке өтүп жаткан аянтчага жеткирүү үчүн кичи автобустар каттайт. Ар бир унаа токтотуучу жайдын өзүнүн тартип боюнча номери бар жана ар бир токтоочу жайдан 5 кичи автобус эл ташыйт. Ошол эле учурда тиешелүү номерлери бар каттамдар тартип номерине ылайык алардын унаа токтотуучу жайына гана каттайт жана эл ташууну кызмат кылат.
Мындан тышкары, фильтрациялоочу посттордо техникалык жактан абалы начар унаалардын капчыгайга кирүүсүнө чектөөлөр киргизилет, анткени алар бузулган учурда тыгындарды жаратышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу, ыңгайлуулук үчүн фильтрациялоочу посттордон иш-чара өтүүчү жерге чейинки маршрут боюнча ташуу үчүн кичи автобустар жана шаттл бастар каралган.
Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы конокторду мүмкүн болгон убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Жолдо жүрүү эрежелерин жана маданиятын сактаңыз. Унаа каражаттарын жол боюнда калтырбаңыз. Тыгындарды жана башка жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздыктарды жаратпоо үчүн жолдун каршы тилкесине чыкпоого чакырат.