
СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Сергеевич Горбачев 30-август күнү кечинде узак оорудан кийин 92 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Орусиянын.басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Михаил Сергеевич Горбачев кечээ кечинде катуу жана узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.
Михаил Горбачев 1931-жылдын 2-мартында туулган. 1978-жылы КПСС БКнын секретары болуп шайланган. 1985-жылы КПСС БКнын генералдык секретары, 1988-жылы СССР Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон. 1990-жылы СССРдин президенти болуп шайланган. Ал СССРдин биринчи жана акыркы президенти болуп калган. 1991-жылдын 25-декабрында отставкага кеткен. Нобель сыйлыгынын лауреаты. Горбачев президенттиктен кеткенден кийин коомдук жана адабий ишмердүүлүк менен алектенген.