
Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы кинорежиссер, сценарист Шамшиев Болотбек Төлөновичке ыйгарылды (каза болгондон кийин). Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.