
Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.