Билимдүүгө дүйнө жарык. Президент билим күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктады.

Президенттин куттуктоосу:

"Урматтуу агай-эжейлер!

Урматтуу жеткинчектер, окуучулар жана студенттер!

Кымбаттуу ата-энелер!

Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы, 1-сентябрь – Билим күнү менен куттуктайм.

Бул күнү окуучу, мугалим, ата-эне – баарында келечекке жаркын максат коюлуп, үмүт-тилектердин оту жанган башкача сезим-туюмдар жаралат. 1-сентябрь, айрыкча, окуучулардын эсинде кала турган шаңдуу күн. Ошондуктан, бул күнү республиканын бардык окуу жайлары эшигин кенен ачып, майрам ээлерин кучагын жая тосуп алат.

"Билимдүүгө дүйнө жарык" деген накыл кептегидей, билим уясын аттаган ар бир баланын татыктуу билим, туура тарбия алышына бардык шарттар түзүлүшү зарыл. Себеби билимдүү жаштар – мамлекетибиздин келечеги, улутубуздун уңгусу, өлкөбүздүн байлыгы" дедеи куттуктоосунда мамлекет башчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД