Эми мектептерде апта башында жана аягында гимн жаңырат

1-сентябрдан баштап Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында окуу жуманын башында жана аягында, ошондой эле салтанаттуу, тарбиялык жана конкурстук иш-чараларды уюштурууда мамлекеттик гимнди аткаруу киргизилет.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, КР президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу" жарлыгын ишке ашыруу максатында, балдардын улуттук, мекенчилдик жана жарандык аң-сезимин калыптандыруу жана бекемдөө үчүн 30-августта министрдин буйругу менен мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарындагы мамлекеттик символдорду колдонуу боюнча Усулдук сунуштар бекиди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД