Таласта милиция билим күнүнө карата​ мектептерде коомдук тартипти сактоодо

Таласта мектептерде тартип сакталууда. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция ​ кызматкерлери​ ​ 1-сентябрь билим күнүнө карата​ орто ​ мектептерде коомдук тартипти сакташууда.

Ар бир мектепке үч төрт кызматкерден бекитилип, салтанаттуу аземге катышып, мектептердин жаңы курамы менен ​ таанышуу иштерин жүргүзүп башташты. Бекитилген кызматкерлер ал жердеги коомдук коопсуздукту жана укук тартиптин сакталышын камсыз кылышууда.

Бүгүнкү иш чарада алар ата-энелер менен дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кылмыштуулуктун​ алдын алуу максатында балдарына баалуу буюмдарына жана жеке мүлктөрүнө сак болууну, жолдо жүрүүнүн эрежелерине үйрөтүү керектигин айтышууда.

Салтанаттуу майрам учурунда укук бузуучулуктар катталган жок. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жер-жерлерде өз милдеттерин аткарууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД