
Карыларды ар дайым урматтап, камкордук көрүшөт. Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин кызматкерлери борбордогу карылар үйүнүн тургундарын кубандырышты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин өздүк көркөм чыгармачылык тобунун мүчөлөрү Бишкек шаардык карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үй-интернатында болушту.
Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин башчысынын орун басары, аскер полковниги Кожобеков Муратбек карыяларга көптөгөн жылуу сөздөрдү айттып куттуктады.
Андан кийин жандуу үн менен ырдашып, кызыктуу концерт болду. Ага жаш курагына карабай чоң ата, чоң апалар да катышып, ырдап, бийлешип шыктарын көрсөтүштү.
Мекеменин жетекчилигинин атынан департаменттин командачылыгына ыраазычылык кат тапшырылды.
Иш-чарадан кийин майрамдык сый тамак уюштурулду.