
Борбор калаада Кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 29-августтунда болжол менен саат 21:20 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен Жибек-Жолу жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинен 1976-жылы туулган Б.Н. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен.
Натыйжада жөө жүргүнчү жабыркап ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары "Кия Сид" үлгүсүндөгү авто унаанын 1988-жылы туулган К.Т. аттуу жаранды кармашып Бишкек ШИИББнин жол кырсыктары боюнча Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.