
Ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Бишкек-Лахор-Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам аткара баштады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, учак 30-августта Пакистандын эң ири шаарларынын бирине конду.
"Белгиленген багыт боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатат. Учуулар жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат", - деп белгилешти компаниядан.