Бишкекте коронавирусту жөтөл аркылуу аныктоонун ыкмасы көрсөтүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коронавирус инфекциясын жана башка дем алуу органдарынын курч респиратордук ооруларын бир жөтөлүү жолу менен аныктай алган дифференциалдык диагностикалоо Acoustery системасынын бет ачары өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай системаны аэропорттордо, автобустарда, поезддерде, автобекеттерде, дүкөндөрдө, дарыканаларда дегеле, эл көп чогулган жерлерде орнотууга болот.

"Жаңы сунушталып жаткан системанын иштетүү эрежесине ылайык, адам терминалга жөтөлүүсү керек. Андан соң система белгилүү убакыттын ичинде оору тууралуу жыйынтыгын чыгарып берет. Ошондой эле системаны кадимки уюлдук телефонго тиркеме түрүндө жүктөп алуу жетиштүү. Учурда аталган системаны жалпы коомчулукка жеткиликтүү кылып иштеп чыгуу үстүндө иш жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД