Кытайдын ири шаарында коронавируска байланыштуу катаал карантин киргизилди

Кытайдын Чэнду шаарында коронавируска байланыштуу катаал карантин киргизилди. Бул тууралуу CNN жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 31-августта COVID-19 инфекциясынын 157 учуру катталгандан кийин локдаун киргизүү чечими кабыл алынган. Жалпысынан бир жумада илдетке чалдыккандардын саны 700дөн ашкан.

Шаардын тургундарын массалык тестирлөөдөн өткөрүү 1-сентябрда башталган.

Карантин эрежелерине ылайык, шашылыш медициналык жардам керек болгон сыяктуу өзгөчө кырдаалдардан сырткары учурларда жергиликтүү тургундар үйдө болушу керек.

Үй-бүлөлөр күнүнө бир адамды азык-түлүк үчүн жөнөтө алышат. Алар коронавируска тесттин терс жыйынтыгы чыккандан кийин гана шаардан чыга алышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД