"Кыргызалтын" ААКсынын башкармалыгы толук курамда отставкага кетти

"Кыргызалтын" ААКсынын башкармалыгы толук курамда отставкага кетти. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов, өндүрүш жана геологиялык чалгындоо иштери боюнча төраганын орун басары Амантур Турсуниязов, экономика, финансы жана инвестиция боюнча төраганын орун басары Жеңиш Сейдалиев жана уюштуруу иштери боюнча төраганын орун басары Данияр Конокбаев кызматынан кетти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД