
Кечээ, 2-сентябрда, Каракол шаарына тиешелүү көл аймагында чет элдик жаран чөгүп кеткен. Анын сөөгүн куткаруучулар алып чыгышты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат "112" кызматына саат 12:45те түшүп, куткаруучулар чөгүп кеткен адамдын сөөгүн 13:20да алып чыгышкан.
Болжол менен 25-30 жаштагы Е.А. аттуу жарандын сөөгүн алып чыгуу үчүн жерине Каракол шаарынан 4 куткаруучу тартылган.