Жалал-Абадда 300 имам "Билимдүү имам" аттуу эки күндүк окуудан өтүштү

Кечээ, 2-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун "Солихийн жума" мечитинде Сузак, Тогуз-Торо районунун жана Жалал-Абад шаарындагы дин кызматкерлерине өткөрүлгөн "Билимдүү имам" аттуу эки күндүк окуу семинары жыйынтыкталды. Окуу семинарына 300 имам катышып, атайын сертификаттарга ээ болушту.

Имамдарга сертификат тапшыруу саамалыгына Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков катышып, "Билимдүү имам" аттуу эки күндүк окуу семинары аймактардагы имамдар үчүн пайдалуу жана Ханафий мазхабы, Матрудий акыйдасын терең үйрөнүүгө чоң өбөлгө болгонун баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД