
"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы кудуктарды тазалап жатышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкексууканалдын" Сууну бөлүштүрүү кызматы шаардын түндүк-чыгыш бөлүгүндө канализациялык кудуктарды тазалоо боюнча пландык-алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.
Адистер Пархоменко, Саратовская көчөлөрү жана Аламүдүн-1 кичирайону боюнча кудуктарды тазалашты.
Канализациялык кудуктарды профилактикалык тазалоо – бул агынды сууларды, өсүмдүктөрдүн тамырларын жана механикалык таштандыларды четтеткен учурлардагы дайыма жүргүзүлүп турган процедура.