
СССРдин мурдагы лидери Михаил Горбачевдун сөөгү 3-сентябрда Москвадагы Новодевичье көрүстөнүнө коюлду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, саясатчынын сөөгү аскер оркестринин жана ардактуу кароолдун коштоосунда жубайы Раисанын жанына коюлду.
Саясатчы менен коштошуу зыйнаты Колонналар залында өттү. Ага АКШ, Япония жана Германиянын элчилери Жон Салливан, Тойохиса Козуки жана Геза Андреас фон Гейр, ошондой эле Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышты.
Советтер Союзунун мурдагы лидери менен коштошуу үчүн Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев келди. Мындан сырткары, ырчы Алла Пугачева, журналисттер Дмитрий Крылов, Дмитрий Муратов, Владимир Познер да катышты.