Бишкектин четиндеги көлмөдөн адамдын сөөгү табылды

Чүйдүн Сокулук районунун АлаТоо 3 конушундагы көлмөдөн адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ала-Тоо 3 конушунда 33 жаштагы А.Ж. аттуу эркек киши көлмөгө түшүп кеткен.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, саат 18:55те эркек кишинин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД