Жеке ишкер 8 манасчыга батир тартуулады

Жеке ишкер Нургали Асаналиев манасчыларга эки бөлмөлүү 8 батирдин тартуулады. Азырынча батир тартуу кылуунун сертификаты берилди. Бул тууралуу "Көйкашка" коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, батир үчүн сертификаттар манасчылар Талантаалы Бакчиев, Замирбек Баялиев, Самат Көчөрбаев, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов, Асанаалы Калил уулу, Үмөт Болот уулуна берилди.

Ал эми манасчы Рысбай Исаков өзүнө берилген батирди жаш манасчы Нурбек Талантбековго тартуулады.

Белек сертификатын берүү аземи кечээ, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда "Балдар бизге аманат" аттуу иш-чарада өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД