
Кыргызстанда бир жумада, 29-августтан 4-сентябрга чейин, COVID-19дун жаңы 119 учуру катталган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, 102 адам амбулатордук дарыланууда, 17 бейтап ооруканага жаткырылган.
29.08.2022-ж. – 04.09.2022-ж. аралыгында тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.
Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча жалпысынан COVID-19дун 205 835 учуру катталган, ооруга чалдыгуу 100 миң калкка 3110,3 учурду түзсө, адам өлүмүнүн учурлары 1,5%.
2022-жылдын 8 ай 5 күнүндө COVID-19дун 21 087 учуру катталган, анын ичинде 19 084 (90,3
учур лабораториялык түрдө жана 2003 учур (9,7%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.