Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген чектөө узартылды

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу 2-декабрга чейин улантылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Буга чейин мындай чектөө 1-сентябрга чейин күчүндө болчу. Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын, УКМКнын жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имараттарынын жанында митинг өткөрүүгө тыюу салынат.

Тынчтык митингин Горький сейил багында гана өткөрүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД